Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Орусиянын соңку чабуулдарынан Украинада эки киши каза болду


Украина.
Украина.

Украинанын эки аймагында Орусиянын чабуулдарынан дагы эки кишинин өмүрү кыйылганын, кеминде беш киши жараат алганын 25-октябрда эртең менен жергиликтүү бийлик башчылары билдиришти.

Каза болгондор Донецк облусунун тургуну экенин, аймактын чыгыш тарабында орус аскерлеринин соккусунан почта бөлүмү талкаланганын аскердик администрация башчысы Вадим Филашкин маалымдады.

"Орусиялыктар кайрадан жарандык объектини атайылап бутага алышты. Сокку почта бөлүмүнө тийди, административдик имараттар да талкаланды ", — деди Филашкин.

Өлкөнүн түштүк аймагындагы Херсон облусунда Орусиянын тынымсыз аткылоосуна 27 калктуу пункт, анын ичинде Херсон шаары кабылды. Тургундары жараат алганын билдирген облустук аскердик администрация башчысы Александр Прокудин "Орус аскерлери эң зарыл инфраструктурага сокку урушту. Уюлдук байланыш жабдыктары жана адамдар жашаган жерлер талкаланды", — деп Telegram каналына жазды.

Бир күн мурда Купянск шаары орусиялыктардын авиа соккусуна кабылып, бир киш каза болгон, 10 киши жараат алган.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш орус бийлигинин бул кол салуусу эл аралык мыйзамдарга каршы келерин 24-октябрда кайталап айтты. Орусия Украинанын шаар-кыштактарын талкалап, адамдарын өлтүрүп, жерлерин басып алып жатканын четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG