Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Брюсселде Косово–Сербия маселеси боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Мирослав Лайчак, Бесник Бислими жана Петар Петкович.
Мирослав Лайчак, Бесник Бислими жана Петар Петкович.

Брюсселде Косово менен Сербия ортосундагы мамилени жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү уюштурууга багытталган кезектеги жолугушуулар башталды. Европа Биримдигинин атайын өкүлү Мирослав Лайчак бүгүн 24-октябрда эл аралык ортомчулук аракети алкагында Балкандагы бул эки коңшу өлкөнүн жогорку жетекчилеринин жолугушуусун уюштуруп, буга чейин жетишилген милдеттенмелердин аткарылышын талкуулоо аракетин көрүүдө.

Лайчак Сербиянын Косово менен байланыш боюнча директору Петар Петкович жана Косовонун вице-премьери Бесник Бислими менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрүп, анда соң чогуу сүйлөшүү уюштурууну максат кылууда. Бир ай мурда ушундай эле форматтагы жолугушууну уюштуруу аракетинен майнап чыккан эмес. Жылыш болбогонуна эки тарап бирин бири күнөөлөгөн.

Евробиримдиктин басма сөз катчысы Петер Стано жараяндын ийгиликтүү уланышы ар бир тараптын жолугушууга даярдык ниетинен көз каранды болорун бир күн мурда айткан.

Косово менен Сербия мамилени турукташтыруу максатында ЕБ көзөмөлдөгөн Брюссель диалогу боюнча сүйлөшүүлөрүн 2011-жылы башташкан. 2023-жылы мунаса табылган, бирок бир катар олуттуу маселелер боюнча тараптар өзүнө алган милдеттенмелер аткарылбай турат.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Быйыл март айында эки өлкөнүн президенттери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде айыптаган билдирүүлөрдү жасашкан.

Косово президенти Вьоса Османи Сербияны "Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдердин косоволук институттарга интеграция болушуна жол бербей жатат" деп, ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич "дүйнө бул аймакта жашаган сербдердин оор абалына жетиштүү көңүл бурбай келет" деп айтышкан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG