Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

ЖАК Төрөкулова абактагы "ички тартип эрежелерин бузганы үчүн" айып изоляторуна камалганын билдирди


Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Жаза аткаруу кызматы камактагы жарандык активист Зарина Төрөкулованын айып изоляторуна киргизилгени боюнча "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.

Мекемеден билдиргендей, жазасын өтөө учурунда бир нече жолу ички тартип эрежелерин бузганы үчүн Төрөкуловага 15 сутка айып изоляторуна камоо түрүндөгү тартиптик жаза колдонулган. Мындай чечим 18-октябрда №2 абактын жетекчисинин токтому менен бекитилген.

Адегенде активист медициналык кароодон өтүп, ден соолугунун абалы жөнүндө корутунду алгандан кийин гана 23-октябрда изоляторго киргизилген. Төрөкуловадан кат түрүндө кайрылуу болгон эмес.

Бирок мекеме Төрөкулова кандай тартип бузганын ачыктаган жок.

Жаза аткаруу кызматы соттолгондордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоорун, нормаларды сактоо менен мыйзам чегинде иштээрин билдирди.

Буга чейин активисттин кызы Айман Ырысбекова абактагы аялдардын укугу бузулганын айткан апасы жана аны менен кошо арыздангандары 15 суткага айып изоляторуна киргизилгенин айтып чыккан. Ал апасынын апасынын жүрөгү ооруп жатканын да билдирген. Мындан сырткары абактан жазылган каттарды сыртка чыгарбай жатканын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси менен иш козголгон.

Жактоочу Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин айткан. Активист өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып, ал кайра камалган.
Зарина Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган.

Буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG