Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

АКШ Түндүк Корея Орусияга аскер жөнөткөнүн билдирди


Ллойд Остин.
Ллойд Остин.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Түндүк Корея Орусияга аскер жөнөткөнү анык экенин билдирди. 23-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал түндүк кореялык аскер кызматкерлери Орусияга барганы тууралуу далилдер бар экенин айтып, муну Пхеньяндын Москвага курал-жарак жөнөткөндөн кийинки кадамы деп атады.

«Биз Орусияга барган түндүк кореялык аскерлер бар экендигинин далилдерин көрүп жатабыз. Алар ал жакта эмне кылып жатышат? Тактап көрүү керек. Эгер алар согуштагы экинчи тарап болсо, Орусиянын тарабында согушканы жаткан болсо, анда бул өтө олуттуу проблема. Европага гана эмес, Инд-Тынч океан аймагындагы жалпы абалга таасири тийбей койбойт», - деди ал.

НАТО өкүлү Фара Дахлалла союздаштар бул маселени талкуулап жатышканын билдирди.

«Эгер ошол аскерлер Украинага каршы согуша турган болсо, бул Түндүк Корея Орусиянын мыйзамсыз согушун абдан колдоп жатканынын жана Орусия согуш талаасында олуттуу жоготууларга туш болгонунун белгиси катары кабыл алынат», — деди Дахлалла.

АКШ администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби октябрдын башында жана ортосунда Орусиянын Владивосток шаарына Түндүк Кореядан кеминде 3000 аскер кеме менен жеткирилгени тууралуу маалымат бардыгын айтты.

«Андан соң алар Орусиянын чыгышындагы көптөгөн аскердик полигондорго жеткирилген. Азыркы тапта даярдыктан өтүп жатышат. Бул аскерлер орусиялыктар менен бирге согуш талаасына чыгабы же жокпу, биз билбейбиз, бирок, албетте, бул тынчсыздануу жаратпай койбойт», - деген Кирби түндүк кореялыктар Орусиянын батышына жөнөтүлүп, андан ары Украинадагы согушка салынышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганын Түштүк Корея айтып чыккан. 23-октябрда Сеулда бул өлкөнүн Улуттук чалгын кызматынын директору Чо Тэ Ён кеп 3000 аскер кызматкери тууралуу болуп жатканын, алар Украинага каршы согушка катышуу үчүн учкучсуз учак жана башка аскердик техника менен иштөөгө үйрөнүп жатканын айтты. Анын белгилешинче, Пхеньян декабрга чейин Орусияга жөнөтүлгөн аскерлеринин жалпы санын 10 000ге жеткирүүнү көздөөдө.

Орусия да, Түндүк Корея да жогорудагы билдирүүлөрдү четке кагууда. Бирок соңку эки жылда эки өлкө кызматташтыгын абдан күчөтүп, быйыл июнь айында коопсуздук жаатындагы бир катар келишимдерге кол койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG