Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Абактагы Зарина Төрөкулова айып изоляторуна киргизилгенин анын кызы билдирди


Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Камактагы жарандык активист Зарина Төрөкулова айып изоляторуна киргизилгенин анын кызы Айман Ырысбекова "Азаттыка" 24-октябрда билдирди.

"Ошол жакта аялдардын укугу бузулуп жатканда, биздин укукту коргоп бергиле деп жетекчиге кирсе, "макул" деп коюп эле арыз жазгандын баарын айып изоляторуна кечээ киргизиптир. 15 суткага киргизиптир, негизи үч же жети күнгө эле киргизет да. Апамдын жүрөгү ооруп жаткан, ага карабай киргизип салыптыр".

Айман Рысбекова абактан жазылган каттарды сыртка чыгарбай жатканын жана ал жакта эрежелер сакталбай жатканын кошумчалады.

Жаза аткаруу кызматы анын билдирүүсү тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси менен иш козголгон.

Жактоочу Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин айткан. Активист өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып, ал кайра камалган.

Зарина Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган.

Буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан. (MKt)

XS
SM
MD
LG