Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:48

23-октябрь: Анкарадагы жарылууда төрт киши набыт болду, журналист Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды


Айке Бейшекеева
Айке Бейшекеева

23-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Түркия бийлиги Анкарадагы окуяны теракт деп атады

Түркияда 23-октябрда жарылуу жана атышуу болгон жерде төрт кишинин өмүрү кыйылды, дагы 14 киши жараат алды. Бул тууралуу өлкө президенти, Орусияда иш сапарда жүргөн Режеп Тайып Эрдоган орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда айтты жана окуяны террордук чабуул деп атады. Борбор калаа Анкаранын чет жакасында Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасында жарылуу, андан кийин атышуу болгонун жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышкан. TUSAŞ ишканасында аскердик учак жана космостук жабдык жасалат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандар арасында кыргызстандык жарандар жок экенин маалымдады.

Бийлик "жалаа жана мазактоо" деп эсептеген маалымат үчүн жазалоону көздөөдө

Кыргызстанда бийлик Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражатындагы кайсы бир маалыматты «жалаа жабуу жана мазактоо» деп тапса, жаран же медиа уюм жоопко тартыла турган мыйзам долбоору бүгүн 23-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. 63 депутат аны колдоп, алтоо каршы болду. Кабар, пост же комментарий жалаа жабуубу, мазактообу же андай эмеспи, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аныктайт. Министрдин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу мыйзам кабыл алынса, 11 кызматкерден турган бөлүм түзүлөрүн, директору, анын орун басары, тогуз эксперти болорун айтты. Айрым депутаттар мындай укуктун министрликке берилишин сындап, чара көрүү укугун Ички иштер министрлигине (ИИМ) берүүнү, чечимди сот кабыл ала тургандай кылууну сунуштады. «Укук бузуулар кодексине» өзгөртүү киргизүү тууралуу бул мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, маданият жана юстиция министрликтери иштеп чыккан. Жалпыга маалымдоо каражатында (ЖМК), сайтта, социалдык түйүндө чыккан кайсы бир маалыматы жалаа же мазактоо деп табылган киши 100 миң сом, аны жарыялаган медиа 200 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирилет. Жарандык коом жана бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин мындай демилгесин «сөз эркиндигин чектөө» деп сындап, аны колдобоого үндөп жатышат.

Блинкен Газадагы согушту токтотуу убактысы келип жеткенин айтты

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израил Ливанда "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жогорку жетекчилеринин бири жок кылынганын жарыялагандан кийин Израилди жана ал Газа менен Ливанда согушуп жаткан, Иран колдогон топторду атышууну токтотууга чакырды. Хашем Сафи ад-Дин аталган топтун кийинки лидери болору боолголонуп жаткан. Жакынкы Чыгыштагы абалды турукташтыруу максатында аймакка кезектеги иш сапары менен барган Блинкен 23-октябрда Иорданиядан Сауд Арабиясына жөнөп жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берип, "Азыр ошол ийгиликтерди туруктуу стратегиялык ийгиликке айландырууга убакыт келип жетти", — деп айтты. Израил Сафи ад-Дин 3-октябрда Ливандын борбор калаасы Бейрутка жасалган авиа соккусунан кийин каза болгонун 22-октябрда маалымдап, топту башкаруу милдетин ала турган бул адам тирүүбү же жокпу деген талаш-талкууга чекит койгон. "Хезболланын" ага чейинки лидери Хасан Насралланы Израил 27-сентябрда Бейруттагы аба соккусу менен өлтүргөн.

ТИМ Орусия аэропортунан кайра жөнөтүлгөн кыргызстандыктар боюнча маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана Орусиядагы элчилиги 22-октябрда Оштон Москвага учуп барып, кайра жөнөтүлгөн кыргызстандык жарандар боюнча маселени өзгөчө көзөмөлдө кармап турат. Бул тууралуу 23-октябрда ТИМ билдирди. «Азыркы кезде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш орусиялык тарап менен бирге жүргүзүлүп жатат», - деп кабарлады министрлик. Мекеме Орусия чек арасындагы көзөмөлүн «Крокус Ситидеги» окуядан кийин коопсуздукту камсыз кылуу жана террорчулукка каршы коргонуу максатында күчөткөнүн, ошол себептен соңку айларда кыргызстандык жарандар Орусия аймагына киргизилбеген окуялар көбөйгөнүн, аларга тийиштүү жардам берилип жатканын белгиледи. Маселе мамлекет аралык кызматташтыктын бардык деңгээлинде көтөрүлүп жатканы да айтылды.22-октябрда саат 5:30да Ош-Москва багытындагы SU1899 номурлуу каттамдагы учак менен Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жаран Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган. Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган учурлар буга чейин да катталган.

Ноокаттык ютуберге кылмыш иши козголду

Кыргызстанда Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээсине «Массалык башаламандыктар» деген берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын, буга видеолордун бири боюнча жүргүзүлгөн соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу негиз болгонун «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады. Аталган видеодо 5-июлда Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы «ЮКЦ» цемент заводундагы окуя тууралуу баяндалган. Интернеттеги маалыматтарга караганда, кеп Азамат Карабаев аттуу жаран тууралуу болууда. Иликтөөчү журналист Болот Темиров ютубер жаңы курулган Ош-Ноокат жолу бузула баштаганын интернетке чыгаргандан кийин 48 саатка камалганы тууралуу жазган.

Журналист Айке Бейшекеевага дагы бир эл аралык сыйлык ыйгарылды

Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева Free Press Awards эл аралык сыйлыгынын лауреаты болуп, ага “Жылдын жаңы журналисти” (Newcomer of the Year Award) сыйлыгы ыйгарылды. Алты тилде эркин сүйлөгөн, 23 жаштагы Бейшекеева тогуз айга чукул тергөө абагында отуруп, 10-октябрда пробациялык жаза менен эркиндикке чыккан. Жакында эле Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму Айкеге адам укуктарын коргоодогу каармандыгы үчүн эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгын ыйгарган. Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист быйыл январь айында кармалган. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту долбоорлордун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга жана кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылга шарттуу соттолуп, камактан бошотулду. Сапар Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев жана Акыл Орозбеков күнөөсү жок деп табылды. Сот өкүмүндө күнөөлүү деп табылгандар “видеоматериалдарында бийликти жаманатты кылып”, “жапырт башаламандыкка кыйыр түрдө үндөгөнү” айтылды.

Өзбекстанда орусиялык журналисттин өлүмү иликтенүүдө

Өзбекстанда үч кишинин, анын арасында орусиялык журналисттин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды. Биринчиси 47 жаштагы Инесса Паперная экени расмий тастыкталды. Ал «Профиль» журналында иштечү, Lenta.ru сайтынын штаттан тышкаркы автору болчу. Экинчи киши анын досу, 45 жаштагы эркек киши. Экөө бир бөлмөдө каза болгону, ал эми үчүнчү киши 48 жаштагы жергиликтүү тургун экени, аны башка бөлмөдөн ванна жактан табышканы кабарланды. Баштапкы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына караганда, үчөө тең белгисиз затка ууланган.

XS
SM
MD
LG