Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Эрдоган Түркияда террордук чабуулдан төрт киши каза болгонун айтты


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Түркияда 23-октябрда жарылуу жана атышуу болгон жерде төрт кишинин өмүрү кыйылды, дагы 14 киши жараат алды. Бул тууралуу өлкө президенти, Орусияда иш сапарда жүргөн Режеп Тайып Эрдоган орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда айтты.

Борбор калаа Анкаранын чет жакасында Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасында жарылуу, андан кийин атышуу болгонун жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышкан.

Ички иштер министри Али Ерликая окуяны «террордук кол салуу» деп атаган жана кол салгандардын экөө (бир аял жана бир эркек киши) ошол жерден өлтүрүлгөнүн билдирген.

Президент Эрдоган да чабуулду теракт деп атады.

TUSAŞ ишканасында аскердик учак жана космостук жабдык жасалат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандар арасында кыргызстандык жарандар жок экенин маалымдады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG