Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

Орбан Венгрия элин Брюсселге "каршы турууга" чакырды


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 23-октябрда калкына кайрылып, Европа Биримдигине «каршылык көрсөтүүгө» чакырды жана Брюссель аны кызматтан кулатууга аракет кылып жатканын билдирди.

Улутчулдук саясаты менен белгилүү, Москванын Евробиримдикке каршы союздашы Орбан советтик репрессияга каршы, кийин Кызыл армиянын ырайымсыз басымы менен токтотулган 1956-жылдагы көтөрүлүштү эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып биримдик Венгрияда өзүнө ыңгайлуу өкмөт түзүү ниетинде экенин айтты. Орбандын пикиринде, Венгриянын көз каранды эмес саясаты Брюсселге жакпай жатат.

Өкмөт башчы айткан сөздөрүнө эч кандай так дилил келтирген жок.

Орбандын жүргүзгөн саясаты биримдик ичинде “мыйзам үстөмдүгүнө шек келтирүүдө” деген негизде сынга кабылып, миллиарддаган евролук каржылык жардамдын зарылчылыгы тууралуу талаш-талкуу жараткан. Венгрия Евробиримдиктин Украинага жардамы, колдоосу боюнча да каршы пикирин билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG