Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Орусиянын элчиси мигранттар маселеси жакында жөнгө салынарын айтты


Сергей Вакунов жана Нурланбек Шакиев.
Сергей Вакунов жана Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушууда мигранттардын маселесин көтөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматы 23-октябрда кабарлагандай, Шакиев кыргызстандыктар чек арадан өтүүдө жана иштөөдө ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп жатканын айтып, буга тынчсыздануусун билдирген.

Элчи Вакунов "мигранттарга байланышкан маселелер жакында жөнгө салынарын" белгилеген.

Жолугушууда соода-экономикалык маселелер да талкууланып, Шакиев эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү башкы максат экенин кошумчалады.

Соңку учурда Орусияда мигранттарга катаал чаралар киргизилип, көзөмөл күчөгөн. Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган учурлар катталууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сентябрь айынын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар. (TAb)

XS
SM
MD
LG