Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Медиа уюм милициянын видеосун жарыялагандарды жазалоо долбоорун чакыртып алууга үндөөдө


Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого арналган акция. 2023-жыл. (архив)
Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого арналган акция. 2023-жыл. (архив)

"Медиа полиси институту " коомдук фонду укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, сүрөт жана видеого тартып алардын ишин каралоо максатында материалдарды интернет сайттарга таратууга тыюу салууну караган мыйзам долбоорун колдобоого парламент депутаттарын чакырды. Ошондой эле долбоордун авторлорун аны кайтарып алууга үндөөдө.

Уюмдун 23-октябрдагы кайрылуусунда аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган баштапкы вариантынан кыйла өзгөрүп, чектөөлөр жана жазалар күчөтүлгөнүн белгиледи.

"Жаза катары 500 эсептик көрсөткүчтөн 2 000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салуу же 5-7 жылга камакка алуу каралган. Парламент кароосуна алып келинген документте соцтармактардын колдонуучулары үчүн да чектөөлөр күчөтүлүп, "кызматын аткарып жаткан кызматкердин ишине кийлигишип, жолтоо болуу" деген түшүнүк менен видео, фото тартып, интернетке таратууга тыюу салынат. Бул жарандардын укугун чектөөгө жатат жана укук коргоо кызматкерлерине, аны менен кошо жалпы мамлекетке ишенимдин деңгээлин төмөндөтөт", деп жазылган.

"Медиа полиси институтунун" юристтери мыйзам долбоорунун айрым беренелери укук коргоо кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна алып келерин эскертишүүдө.

"Конституцияга ылайык жарандар оюн эркин айтууга, анын ичинде укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу ачык айтууга укуктуу. Долбоор укук коргоо органынын кызматкерине нааразы тараптын аракетин өзү каалагандай көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муну менен жарандын аракети ээнбаштык же каршылык экени укук коргоо кызматкеринен гана көз каранды болуп калат. Бул кызмат абалынан пайдаланып, ээнбаштык менен каршылыктын туура эмес көрсөтүлгөнүнөн улам, жаранды 5-7 жылга эркиндигинен ажыратууга алып келет", деп белгилешкен алар..

Кайрылууда бул мыйзам долбоору мамлекеттик кызматкерлерди коргоого багытталганы менен жалпысынан жарандардын укугун тебелөөгө жатары белгиленген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, сүрөт жана видеого тартып алардын ишин каралоо максатында материалдарды интернет сайттарга таратууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун депутаттар Сүйүн Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов, Ырысбек Атажанов жазган. Мыйзам долбоору парламенттин бир катар комитеттеринде каралып, колдоо тапкан.

Авторлор Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына таянып, 2022-2023-жылдары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө фактысы боюнча 195 протокол түзүлгөнүн жазган.

Кыргызстанда укук коргоо кызматкерлери жарандарга орой мамиле кылып, өздөрү мыйзам бузган учурлар тартылган тасмалар тарап, аларга чара колдонулган окуялар да бар. 2021-жылы Жол кайгуул кызматынын кызматкери айдоочуну атып салган. Алгач милиция ал кызматкердин тапанчасына асылганда атылып кеткенин билдирген. Кийинчерээк видео тасмада бул жокко чыгарылып, укук коргоо кызматкери маркумду табелдик тапанчасы менен атканы аныкталган. Бул иш боюнча 22 милиция кызматкери жоопко тартылып, 12 жетекчи кызматкерге чара көрүлгөн.

2024-жылы 10-августта Бишкекте 37 жаштагы жаран милиция кызматкерлеринин колунан каза тапканы да видео тасма аркылуу аныкталган. Милицянын баштапкы маалыматында ал суицид кылууну көздөгөнү айтылган. Кийинчерээк милиция кызматкерлери аны жерге жыгып, муунтуп жатканын телефонуна тартып алган күбөнүн тасмасы соцтармактарга тараган. Ошондон кийин Башкы прокуратура милицияинын кайгуул кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш ишин козгогон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG