Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Москвада кыргыз-орус өкмөт башчылары экономикалык кызматташтыкты талкуулады


Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаров. 21-октябрь, 2024-жыл.
Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаров. 21-октябрь, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-октябрда Москвага расмий сапарынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен биргелешкен жыйын өткөрдү.

Жапаров Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу Орусияга биринчи расмий сапар менен келгенин, маанилүү иш-чаралардын жогорку деңгээлде белгилениши эки өлкөнүн мамилесин айгинелеп турганын айтты.

“Мамлекет башчылар тапшырма бергендей, эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча аракеттерди улантууну макулдаштык. 2022-2026-жылдарга карата экономикалык кызматташтыктын өкмөттөр аралык программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Орусиялык жеке бизнес жана инвесторлор Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, ишин активдештиргени бизди абдан кубандырат. Биз орусиялык инвестициялар үчүн ар дайым ачыкпыз жана инвестициялык сунуштарды ишке ашырууда максималдуу жардам көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу болжол менен 3 500гө жакын долбоор каржыланганын кошумчалады.

Жыйында эки өлкөнүн билим берүү, транспорт, энергетика, маданият министрлери өз тармагындагы иштер тууралуу баяндама жасашты.

Акылбек Жапаро расмий сапары менен Москвагав 19-октябрда барган. Сапардын алкагында Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарага жана жана Кыргызстандын Орусиядагы Маданият күндөрүнө катышты.

XS
SM
MD
LG