Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Жарым жылда Орусиядан 86 миң мигрант чыгарылды


Өзбекстандык эмгек мигранты Орусиянын Самара облусунда. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандык эмгек мигранты Орусиянын Самара облусунда. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Орусияда соттун чечими менен 86 миңдей мигрант өлкөдөн чыгарылганын, бул 2022-жылдагы толук бир жылдык көрсөткүчтөн да көп экенин 21-октябрда «Свобода» радиосу жазды.

Январь айынан июнга чейинки көрсөткүч 85,8 миңди түздү. 2023-жылы бир жылда 129,7 миң, ал эми 2022-жылы 85,1 миң чет өлкөлүк Орусиядан чыгарылган.

Мигранттар негизинен Орусиянын аймагына кирүү, ал жакта жашоо эрежелерин бузганы үчүн деп чыгарылууда. Быйыл биринчи жарым жылдыкта эле атайын берененин негизинде 100 миңдей кылмыш иши козголгон.

Экинчи себеп – Орусияда мыйзамсыз иштөө. Бул берене боюнча 16 миңдей иш козголуп, териштирүү жүргөн.

Мигранттарга салынган айыппулдун өлчөмү жарым жылда 590 миллион рублга жетти.

Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG