Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Ливандын үч аскери Израилдин соккусунан каза болду


Ливан. 2024-жылдын 20-октябры.
Ливан. 2024-жылдын 20-октябры.

Израил Ливандын үч аскери каза болгон окуя үчүн кечирим сурады. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) 21-октябрдагы билдирүүсүндө аскерлер бутага «Хезболланын» (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) автомашинасы алынды деп ойлошкону, ичинде ливандыктар бар экенин билбегени, күрөш Ливанга эмес, согушкерлерге каршы жүрүп жатканы белгиленди.

«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

ЦАХАЛдын өкүлү Надав Шошани X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазгандай, жекшемби күнү Ливандын Ханин кыштагынын чет жакасынан «Хезболланын» ракета учура турган куралы бар чоң машинеси аныкталган жана ага сокку урулган. Көп өтпөй «Хезболла» израилдик аскерлерди аткылап жаткан ошол эле кыштак тарапка дагы бир оор жүк ташуучу автомашина баратканда бутага алынган. Кийин ал машина Ливан армиясыныкы экени, ичинде бараткан үч аскери каза болгону аныкталган.

"Израил армиясы ал ливан армиясынын машинасы экенин билген эмес. ЦАХАЛ Ливандын армиясына каршы операция жүргүзбөйт жана ушундай кесепет үчүн кечирим сурайт ", - деди Шошани.

Өткөн аптада Газа секторунда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун лидери Яхья Синвар жок кылынгандан кийин «Хезболла» Израилге каршы күрөшүнүн жаңы фазасын баштай турганын жарыялаган. Синварды Израил бир жыл мурдагы кандуу чабуулдун уюштуруучусу деп эсептейт.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууну жана анын колунда барымтада кармалып тургандарды бошотууну убада кылган. Ошол кол салуудан кийин Израил Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү деп саналат.

Газада 2,3 миллион калкынын 90% качкынга айланды, жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, бир жылдан бери Израилдин соккуларынан 42 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин 8-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.

Израил Ливандын аймагындагы «Хезболлага» каршы согушун сентябрдын айында күчөтүп, 1-октябрда бул өлкөнүн түштүгүнө жөө аскерлерин киргизген, ага чейин соккулар абадан урулуп жаткан.

Ливан өкмөтү азыркы кырдаалдан чыгуунун негизги жолу деп БУУнун 20 жыл мурда кабыл алынган резолюциясын атоодо. Өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Нажиб Микати бул ойду 21-октябрда Al-Arabiya телеканалына курган маегинде кайталады.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2006-жылы Израилдин «Хезболла» менен согушун токтоткон 1701 резолюциясында «Хезболла» Израил менен чек арадан кетиши керектиги, өлкөнүн түштүк тилкесин БУУнун тынчтык орнотуучу аскерлери жана ливан армиясы гана көзөмөлдөшү зарылдыгы жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG