Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:29

Судья Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Соттор кеңеши президент Садыр Жапаровго Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуштады. Бул Кенжебаевге карата чыгарылган өкүм күчүнө киргенине байланыштуу экенин аталган кеңештен билдиришти.

Соттор кеңешинин жыйынында судьянын кызмат ордуна талапкердин сапаттарына баа берүү боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңешке түшүндүрмөлөр берилди.

Нурлан Кенжебаевге кандай өкүм чыкканы айтылган жок.

2023-жылы октябрда Нурлан Кенжебаев ортомчулар аркылуу 2 миң доллар талап кылган деген негизде кармалган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 17-октябрда судья өзү караган иш боюнча "оң чечим чыгарып берем" деп 2 миң доллар алганы үчүн кармалганын билдирген. Судья менен кошо анын кеңешчиси жана досу кармалган.

Президент аны кызматтан убактылуу четтеткен. Айыпталып жаткан тараптардан комментарий боло элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG