Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:33

Бишкек шаарынын прокуратурасынын эки кызматкери камакка алынды


Бишкектин Биринчи май райондук соту.
Бишкектин Биринчи май райондук соту.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын прокуратурасынын эки кызматкерин (Ы. уулу Э. жана Ж.А.А.) 14-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алды. Мындай чечимди райондук сот атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 20-октябрда чыгарды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Опузалап пара алуу” менен айып тагылууда.

Бир катар сайттар камакка алынган адамдар Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу жана шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеев экенин жазып жатышат. Райондук сот тараткан инициалдар алардын аты-жөнүнө туура келет.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалыматты кийинчерээк тактап берерин билдирди. Ал эми УКМК козголгон иш тууралуу комментарий бере элек. Кармалгандардын адвокаттары же жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

18-октябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаарынын прокуратурасында тинтүү иштерин жүргүзүп, эки адамды кармап кеткенин жазышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG