Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:17

Кыргыз-тажик чек арасында 4,5 баллдык жер титирөө катталды


21-октябрга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Эркештам айылынан 35 чакырым түштүк батышта, Көк-Суу айылынан 34 чакырым түштүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 35 чакырым чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

2008-жылы октябрда Алай районунун Нура айылында күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйраган. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG