Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:27

Бишкектеги KFC тамактануу жайында ызы-чуу чыгаргандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы KFC тез тамактануучу жайлардын бирине кирип барып, ызы-чуу чыгаргандар кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, факты боюнча кылмыш иши козголуп, 24-29 жаштардагы төрт шектүү УКМК кызматкерлери менен биргеликте Свердлов милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталды.

"Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында, азиат улутундагы белгисиз адамдар, коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “Бойкот”- деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жазашып, интернет тармактарында өздөрүнүн аккаунттарына жарыялашкан", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Окуя 18-19-октябрь күндөрү болгон.

Интернетке жарыяланган видеодон белгисиз адамдар KFC тамактануу жайына кирип келип, өздөрү көтөрө келген ак матага оролгон манекенге кетчуп төгүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей жатканын көрүүгө болот.

Социалдык тармактарда алар Газадагы мусулмандарга колдоо көрсөтүү үчүн ушундай кадамга барышканы тууралуу маалыматтарды жазышууда. Кармалгандардын жакындары же адвокаттары окуя тууралуу комментарий берише элек. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG