Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:33

Орусия менен Украина “95ке 95” форматында туткундарды алмашты


Орусия менен Украина “95ке 95” форматында аскердик туткундарды алмашты. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, орусиялык аскерлерге учурда Беларуста медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат. Андан соң алар ден соолугун калыбына келтирүү үчүн Орусияда аскердик госпиталга жана санаторийге жөнөтүлөт.

Украинанын “Наш выход” долбоору алмаштырылган туткундардын тизмесин жарыялады. Ага ылайык, алмашылган орусиялыктардын көбү Курск облусунда туткунга түшкөн милдеттүү түрдө кызматын өтөгөн аскерлер.

Украинанын президенти Владимир Зеленский туткундарды алмашуу болгонун ырастады.
Мунун алдында украинаналык ZMINA укук коргоо борбору алмашылган туткундардын катарында журналист жана укук коргоочу Максим Буткевич дагы бар экенин жазган. Ал Орусия Украинага бастырып кирген алгачкы учурларда украин армиясынын катарына кошулуп, 2022-жылы июнда туткунга түшкөн.

Туткундарды алмашуу Бириккен Араб Эмирлигинин ортомчулугу алдында ишке ашты.
Буга чейин Украина менен Орусия каза болгон аскерлердин сөөктөрүн алмашканы белгилүү болгон. Орусия 501, Украина 89 аскердин сөөгүн өткөрүп берген.

  • Эки өлкө 2022-жылдан бери бир нече жолу туткундарды алмашты. Көп учурда Эл аралык Кызыл Крест комитети ортомчулук кылууда.

XS
SM
MD
LG