Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Си жана Моди БРИКС саммитине катышуу үчүн Орусияга барат


Владимир Путин, Си Цзинпин жана Нарендра Моди. 2017-жыл.
Владимир Путин, Си Цзинпин жана Нарендра Моди. 2017-жыл.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусияда өтө турган БРИКС саммитине катышарын аталган өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтери расмий тастыктаганын "Свобода" радиосу жазды. Саммит 22-24-октябрь күндөрү Орусиянын карамагындагы Татарстан республикасынын борбор калаасы Казанда өтөт.

Жыйын Москва үчүн Батыштын Орусияны Украинага кол салганы үчүн эл аралык изоляцияда калтыруу аракети ишке ашпай калганынын далили болорун белгилеген "Свобода" саммитке 24 мамлекеттин лидери, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ), Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчылары да катышарын жазды.

Орусия быйыл БРИКСте төрагалык кылууда. Бул эл аралык блок Кремлдин демилгеси менен 2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай болуп түзүлгөн. Азыр анын курамында тогуз мамлекет бар – Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмирликтери.

Казан саммитинде Таиланддын мүчөлүк тууралуу арызы кабыл алынганы жатат.

БРИКСтин былтыркы саммити кезекке ылайык Түштүк Африка Республикасында өткөн. Ага орус президенти Владимир Путин катышкан эмес. Себеби Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун аны ошол сотко мүчө мамлекетке бара турган болсо камакка алуу тууралуу ордери бар. Африка өлкөсү анда бул жыйынды сотко мүчө эмес Кытайда өткөрүү сунуштаган, мындай демилгеге Индия жана Бразилия каршы болуп коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG