Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Бишкекке кийинки жылы 300дөй автобус алып келинет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаага 2025-жылы 300 автобус жана электробус алып келинет. Буга мамлекеттик бюджеттен акча каралган эмес. Автобустар эл аралык каржы уюмдарынын кайтарымсыз акчасына алынат.

Бул тууралуу 18-октябрда Жогорку Кеңештин биргелешкен фракция жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Байгөнчөков депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, автобустар инвестициялык макулдашуу аркылуу алынат. 12 метрлик узундуктагы 100 автобус Европа өнүктүрүү банкынын колдоосу менен алынат. 120 электробус Азия өнүктүрүү банкы аркылуу, дагы 60 автобус Германия өнүктүрүү банкынын KFW программасынын колдоосу менен сатып алынат.

2023-24-жылы Бишкекке жаңы 1000 автобус алып келинип, жүргүнчү ташууга чыгарылган.

Бишкек мэриясынын маалыматында, учурда шаарда каттамга күнүгө 1200дөн ашуун автобус жана троллейбустар чыгып жатат.

Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана кичи автобустарда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG