Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:25

"Кумтөр Голд Компани" тогуз айда бюджетке 10 млрд 37 млн сом төктү


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Жыл башынан берки тогуз айда Кумтөр алтын кенин казган ишкана салык жана башка төлөмдөр аркылуу мамлекеттик бюджетке 10 млрд 37 млн сом төккөн. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ишкана мындан тышкары Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондуна 501 млн сом, ал эми Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна 300,3 млн сом салым кошкон. Ошондой эле Айлана чөйрөнү коргоо агенттигине 27,6 млн сом экологиялык төлөм жана суу ресурстарын колдонгону үчүн 197 млн сом төккөн.

Январь-сентябрь айларында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кирешеси 579,8 миллион долларды түзүп, таза пайдасы 216,6 миллион долларга жеткен.

2024-жылдын тогуз айында Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылганы, бул белгиленген пландан 81 килограммга көп экенин кабарланган.


“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган. Мамлекетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которгон.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл сентябрь айында Кумтөр кенинде алтындын жаңы кору табылып жатканын жана кен дагы 20-30 жыл иштей турганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG