Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Президент Жапаров Түркмөнстанда эл аралык форумга катышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров акын жана философ Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган эл аралык форумга катышуу үчүн 11-октябрда Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Мамлекет башчыны Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов чакырган.

Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форум Ашхабад шаарында өтөт.

"Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышары күтүлүүдө. Эл аралык форум өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат", - деп белгиледи Азымбакиев.

Президент Жапаров Ашхабадга 2021-жылы ноябрда иш сапар, ага чейин июнда расмий сапар менен барган. Анда ошол кездеги түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган 14 документке кол коюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG