Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

ЕБ элчилери Украинага 35 млрд евро насыя берүүнү макулдашты


Европа биримдигинин элчилери Орусиянын Борбордук банкынын камактагы активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен Украинага 35 миллиард евро өлчөмүндө насыя берүүнү макулдашты. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Европа иштери боюнча редактору Рикард Йозвяк X социалдык тармагына жазды.

"Каржылык жардам Орусиянын агрессиясынын күчөшүнөн улам Украинанын чукул каржылык муктаждыктарын дароо канааттандырууга багытталган", - деп айтылат Евробиримдиктин кеңешинин билдирүүсүндө.

Йозвяктын айтымында, орусиялык активдерге каршы санкцияларды узартуу маселеси Венгриянын каршылыгынан улам чечиле элек.

Буга чейин Венгриянын финансы министри Михай Варга Будапешт Евробиримдиктин Орусиянын камактагы активдерине каршы санкцияларын өзгөртүүнү колдобой турганын, бул Украинага насыя берүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирген. Анын айтымында, Будапешт буга байланыштуу чечимди 2024-жылдын 5-ноябрында өтө турган АКШдагы президенттик шайлоого чейин күтүүнү туура көрөт.


Украинага орусиялык активдерден түшкөн кирешенин эсебинен 35 миллиард евро насыя бөлүнөрүн Евробиримдиктин башчысы Урсула фон дер Ляйен 20-сентябрда билдирген.

Насыя үчүн каражат Европада камакка алынган орусиялык активдерден түшкөн кирешенин эсебинен алынат. Украина насыяны кырк жыл ичинде кайтарып бериши керек.

Евробиримдиктин башчысы менен украин президенти Владимир Зеленскийдин биргелешкен маалымат жыйынында Урсула фон дер Ляйен ири суммадагы насыянын берилиши “Чоң жетинин” (G7) Украинаны колдоо милдеттеринин кезектеги кадамы экенин айткан.

“Чоң жетиге” мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери июль айында Вильнюстагы НАТОнун саммитинде аскердик жардам, согуш жүрүп жатканда жана бүткөндөн кийинки калыбына келтирүүгө жардам берерин билдиришкен.

Камактагы орусиялык активдердин көп бөлүгү (228 миллиард доллар) - Европада, 10 миллиард доллар Кошмо Штаттарда, 30 миллиард доллар Жапонияда, 10 миллиард доллар Британияда.

XS
SM
MD
LG