Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Садыр Жапаров Селчук Байрактарды “Даңк” ордени менен сыйлады


Селчук Байрактар жана Садыр Жапаров.
Селчук Байрактар жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Baykar Technology компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Селчук Байрактарды кабыл алып, Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон салымы үчүн ага “Даңк” орденин ыйгарды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Селчук Байрактар Baykar Technology ишканасы Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин айтты.

Дүйнөгө таанылган компанияны бир туугандары менен башкарып жаткан Селчук Байрактар - Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы.

Кыргызстан буга чейин Түркиядан “Байрактар”, “Аксунгур” жана “Акынжы” пилотсуз учактарын сатып алган. “Байрактар TБ2” - чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орточо бийиктикте, узак убакытка уча алган учкучсуз аппарат. (BTo)

XS
SM
MD
LG