Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Путин бул айда Ирандын президенти менен эки жолу жолугушат


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин ушул айда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен эки жолу жолукканы жатканын 7-октябрда орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлышты. Бул жолугушуулар Жакынкы Чыгышта кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымал деген кооптонуу жаралып турган чакта уюштурулууда.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, эки жетекчи 11-октябрда Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабадда эл аралык конференция маалында жолугушат. Ал эми экинчиси 22-24-октябрда Казан шаарында БРИКС саммити учурунда өтөт.

Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуу аймактагы кырдаалга байланыштуу планда жок экени айтылды.

Байкоочулар Путиндин пландалган жолугушуулары израил-палестин жаңжалы боюнча маселеде Орусиянын азыркы дипломатиялык фокусу эки тарап менен бирдей байланышта болууда эмес, Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмирликтери мүчө болгон БРИКС менен өнөктөштүккө ыктап жатканынын далили экенин белгилеп жатышат.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандардын саны 42 миңге чамалады. (RK)

XS
SM
MD
LG