Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:21

Ноокатта медресеге дем салдыруу үчүн келген өспүрүм бычак жеп каза болду


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 14 жаштагы бала бычак жеп каза болду. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 6-октябрда болгон. Медреседе окуган 16 жаштагы өспүрүм 14 жаштагы баланы учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жаракат алган бала аймактык ооруканага жетпей каза тапкан.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталып, маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы каза болгон бала дем салдыруу үчүн медресеге үч күнгө келгенин, ал диний билим берүү жайында окубаганын билдирди. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү.

Шектүү баланын жана каза тапкан баланын жакындары окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo/DSh)

XS
SM
MD
LG