Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Израил Ливандын Триполи шаарына биринчи жолу сокку урду


Триполидеги сокку урулган турак жай. 5-октябрь, 2024-жыл
Триполидеги сокку урулган турак жай. 5-октябрь, 2024-жыл

Reuters агенттиги Израилдин коопсуздук кызматындагы булагына шилтеме берип, 5-октябрдын таңында Израилдин аскерлери Ливандын түндүгүндөгү Триполи шаарына биринчи жолу сокку урганын жазды. Агенттикке маалымат берген булак соккудан АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун мүчөсү жубайы жана эки баласы менен мүрт кеткенин айткан.

Al Jazeera соккудан ХАМАСтын аскердик канатынын лидерлеринин бири Саид Аталла өлтүрүлгөнүн, Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Саид Аталланын Беддави палестиналык качкындар лагериндеги үйүн бутага алганын билдирди.

ЦАХАЛ азырынча комментарий бере элек.

Израилдин “Хезболла” менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган. Мындай жагдай жалпы Жакынкы Чыгышта абал курчушу ыктымал деген кооптонууну жараткан.

Ливан өкмөтүнүн расмий маалыматына караганда, бир жылдан берки атышуулардан бул өлкөдө 1900дөй адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү соңку апталарда каза болгондор.

“Хезболланы” АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. (BTo)

XS
SM
MD
LG