Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Кемпир-Абад иши: кийинки отурум 11-октябрда уланат


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.

4-октябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот уланып, кийинки отурум 11-октябрда болот. Бул тууралуу "Азаттыка" адвокат Кантемир Турдалиев билдирди.

"Бүгүнкү отурумда судьяларга ишенбөөчүлүк көрсөттүк, бирок сот аны канаттандырган жок. Азимбек Бекназаровду сот залындагы торго кармабай, башка айыпталуучулардын катарына кошууну сурандык, сот бул өтүнүчтү кубаттады. Ачык сот өткөрүү талабын койдук, баары оюн айткыча убакыт бүтүп калды. Кийинки отурумда баарына сөз беребиз деди", - деп билдирди Кантемир Турдалиев.

Азимбек Бекназаров “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштуу” деген негиз менен 12-сентябрда кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.

Быйыл 14-июнда “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган.

15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Мындан кийин прокуратура өкүмгө каршы апелляциялык арыз жазып, иш шаардык сотто 6-августта кайра карала баштаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.(MKt)

XS
SM
MD
LG