Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Кыргызстан менен Италия шектүү жана соттолгон адамдарды экстрадициялоону макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Италия кылмышка шектүү адамдарды экстрадициялоо жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашты. Макулдашуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Италияга расмий сапарынын алкагында түзүлдү.

Эки өлкө ортосундагы келишимге Кыргызстандын башкы прокурору жана Италиянын юстиция министри кол коюшту. Аталган макулдашуулар атуулдарды жазык жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле соттолгон жарандарды жаза өтөө үчүн өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү жол-жоболорун жөнгө салат.

Бул келишимдерге кол коюу эки өлкөнүн сот адилеттигинин эл аралык стандарттарына берилгенин баса белгилейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы 4-октябрда билдирген.

Башкы прокуратуранын 14-сентябрдагы маалыматында, Италиянын жаза аткаруу мекемелеринде 12 кыргызстандык кармалып турат.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы чет өлкөлөрдө соттолгон кыргызстандыктарды экстрадициялоо боюнча 18 мамлекет менен кызматташат.

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2016-жылдан бери чет мамлекеттерде кылмышы үчүн соттолуп, абак жазасын өтөп отурган 550дөн ашуун кыргызстандык жаран мекенине кайтарылган. Басымдуусу Орусиядан, Ирандан, Түркиядан, Түштүк Кореядан, Кытайдан жана Бириккен Араб Эмирликтеринен экстрадицияланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG