Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Орусияда дрон чабуулунан кийин мунай базасында өрт чыкты


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Орусиянын Воронеж облусунда бүгүн 4-октябрга караган түнү мунай базасында учкучсуз учактардын чабуулунан кийин өрт тутанды. Бул тууралуу облус губернатору Александр Гусев билдирип, Украинаны айыптады.

Анын айтымында, абадан коргонуу системалары Украина учурган согуштук дрондорду атып түшүрдү, алардын бири мунай базасынын аймагына түшүп, «ичи бош цистерна өрттөндү», адамдар жабыркаган жок.

Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеолордон дрон түшкөн жер өрттөнүп жатканын көрүүгө болот. Аталган мунай базасы "Аннанефтепродукт" ишканасына таандык экенин жергиликтүүлөр кабарлоодо.

Мунай сакталуучу жай өрттөнгөн окуя бүгүн Воронежден дээрлик 1,5 миң чакырым аралыкта жайгашкан Пермь облусунда да катталды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, өрт каптаган жердин аянты 10 миң чарчы метрге жетти. Адамдар жабыркаган жок. Бийлик өрттүн тутанышынын эки себебин караштарып жатат: коопсуздук эрежелеринин сакталбашы жана электр жабдыгынын авариялык режимде иштеп кетиши.

Быйыл жыл башынан бери Украина Орусиянын аймактарындагы мунай сакталган кампаларга дрон менен жасалган чабуулдарын көбөйтүп, айрым завод-ишканаларын керектен чыгарды.

BBC жазгандай, Орусиянын мунай инфраструктурасы кеминде 64 жолу бутага алынды. Reuters быйыл июнь-август айларында эле кеминде 13 жолу чабуул жасалганын жазды. Алардын эң ириси катары Омск шаарындагы ири ишканадагы, Ростов облусундагы Пролетарск шаарындагы кампадагы дээрлик эки апта өчпөй турган жана Москвадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдогу өрт.

Украин президенти Владимир Зеленский мындай чабуулдарды Орусиянын украин энергетикалык объектилерин талкалаган соккуларына жооп деп атаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги 4-октябрга караган түнү Белгород, Воронеж, Ростов облустарынын аймагында 18 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдап, бул үчүн Украинаны айыптады. Украина адатта мындай билдирүүлөргө комментарий бербейт. (RK)

XS
SM
MD
LG