Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Түндүк Корея эгемендигин бузуу аракети болсо өзөктүк курал колдонорун эскертти


Ким Чен Ын
Ким Чен Ын

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эгер Сеул же Вашингтон тараптан өлкө эгемендигин бузуу аракети болсо, "токтоосуз түрдө" өзөктүк курал колдонууга даяр экенин билдирди. Анын сөзүн Түндүк Кореянын борбордук телеграфы жарыялады.

"Эгер душмандар биздин кайталанып жаткан эскертүүлөрүбүзгө көңүл бурбаса, Түштүк Корея жана АКШ куралдуу күчтөрүн колдонуп, Түндүк Кореянын эгемендигин бузуу үчүн алдыга дагы бир кадам таштачу болсо, биз бардык күчтөрүбүздү аракетке келтиребиз, өзөктүк куралды дагы", - деп билдирди Ким Чен Ын.

Ал шаршембиде Корея элдик армиясынын атайын кызматынын окуу базасына барып, машыгууларына байкоо салганы кабарланган. Ал өз сөзүндө Түндүк Корея - өзөктүк өлкө экенин айтып, "согуштук кагылышуу болсо, "Сеул менен Түштүк Корея жок болорун" эскертти. Бул сөзү коркутуу эмес экенин белгиледи.

Ал АКШ менен Түштүк Кореяны "дүйнөдөгү жана аймактагы тынчтыкты бузгучтар" деп айыптады.

XS
SM
MD
LG