Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:34

Казакстанда АЭС референдуму алдында дагы бир нече активист камалды


Алматы. Кармалгандардын тарапташтары полиция мекемесинин алдында. 2024-жылдын 29-сентябры.
Алматы. Кармалгандардын тарапташтары полиция мекемесинин алдында. 2024-жылдын 29-сентябры.

Казакстанда Атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселесине байланыштуу референдум алдында активисттерди кармоо уланууда. “Азаттыктын” казак кызматы 2-октябрда билдиргендей, Алматы шаарынын адистештирилген район аралык тергөө сотунун токтому менен кеминде беш активист эки айга камакка алынды.

Активсттер Нурлан Жаулыбаев, Нурлан Темиргалиев, Жанат Казакбай, Фазылжан Сыдыков жана Айдар Мүбараков “жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган” деп шектелүүдө. Кармалгандардын көбү жаш курагы 60тан ашып калган жарандар экенин, ал эми 54 жаштагы Нурлан Темиргалиев дарыланып жүргөнүн, аларга коюлган айыпты саясий шылтоо деп атаса болорун жактоочулар айтууда.

Буга чейин да бир нече активист камакка алынган. Укук коргоочу Бахытжан Торегожина Facebook баракчасына жарыялаган тизмеге ылайык, кармалгандардын жалпы саны 17ге жетти.

Полиция мекемеси же бийликтин башка органдары бул кармоолор тууралуу азырынча расмий маалымат же комментарий бере элек.

Казакстанда АЭС куруу маселесине байланыштуу референдум 6-октябрга белгиленгенин 2-сентябрда казак парламентинин эки палатасынын кошмо жыйынында сүйлөп жатып өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев жарыялаган. "Күн өткөн сайын экономикабызга мол энергия зарыл болуп жатат. Мындай муктаждыкты атом энергетикасы жаба алат. Азыркы кезде өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 30 өлкөдө жалпысынан 200гө жакын атомдук электр станциясы иштеп жатат", - деген Токаев.

Референдумга "Сиз Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлат. 3-сентябрда башталган үгүт өнөктүгү 4-октябрда жыйынтыкталат. Референдумду уюштуруп, өткөрүүгө казынадан 15,5 миллиард теңге бөлүнөрү белгилүү болгон.

АЭС маселесине арналган, бийлик уюштурган жыйындар Казакстандын 20 чакты шаарында өттү. Каршы пикирин билдирген, бийликтин мындай сунушун "путиндик жарнама" деп атаган активист кысымга кабылганы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG