Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

НАТОнун жаңы баш катчысы Украинага колдоо көрсөтүлөрүн айтты


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул кызматты Марк Рюттеге өткөрүп берип жатат. 1-октябрь, 2024-жыл. Брюссель.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул кызматты Марк Рюттеге өткөрүп берип жатат. 1-октябрь, 2024-жыл. Брюссель.

Нидерланддын мурдагы өкмөт башчысы Марк Рютте 1-октябрда НАТОнун баш катчысынын кызматына киришип жатып, Украинаны чечкиндүү түрдө колдорун билдирди. Ал бул күнү Түндүк аскердик альянстын кызматтан кетип жаткан баш катчысы Йенс Столтенберг менен уюмдун Брюсселдеги баш кеңсесинде жолугуп, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн курман болгон аскерлеринин эстелигине гүл чамбар коюшту.

Андан соң Столтенберг өз кызматын расмий өткөрүп берди.

"Күчтүү, эгемендүү Украинасыз Европада бекем коопсуздук болуусу мүмкүн эмес", - деди Рютте.

Ал Нидерланддын өкмөтүн жетектеп турган кезде Украинага F-16 бомбалоочу учактарын жөнөтүүгө жардам берип, Евробиримдиктин Москвага каршы катаал санкцияларын колдоп, Киевдин шаркетке кошулуу жолунда бир катар көмөк көрсөткөн.

Украинанын лидери Рюттенин альянстын башына келишин кубаттап, евроатлантикалык коопсуздукту бекемдөө үчүн "биргеликте кызматташууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын" айтты.

"Украина жана анын өнөктөштөрү биргеликте гана туруктуу, коопсуз жана тынч Европа үчүн чындап кепилдик бере алабыз", - деп жазды Зеленский X социалдык түйүнүнө.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин 57 жаштагы Рюттени жакшы билерин, альянстын саясатында эч кандай өзгөрүү күтүлбөстүгүн билдирди.

Рютте бул кызматка АКШдагы президенттик шайлоого туура бир ай калганда келди. Американын президенттиги үчүн ат салышып жаткандардын бири Дональд Трамп НАТОну буга чейин сындап, Украинанын жеңишинен күмөн санап келген. Ал эми демократтардын атынан шайлоого аттанган азыркы вице-президент Камала Харрис Украинага курал-жабдык берүүнү колдойт.

"Мен эки талапкерди тең жакшы билем. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун экөө менен тең иштешип кете алам", - деди Рютте.

НАТО СССР менен “кансыз согуш” башталган кезде түзүлгөн. Москванын Украинага каршы ачкан согушунан улам жаралган кооптуу жагдай НАТО тарыхындагы эң олуттуу коркунучтардин бири деп мүнөздөлүүдө.

XS
SM
MD
LG