Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Аба ырайы: жаан жаайт


2-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG