Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Былтыр энергетика тармагынын жоготуулары 2,5 млрд кВт/саатты түздү


Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети Кыргызстанда 2023-жылы 13,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөнүн, бул 2022-жылга салыштырмалуу 0,3% аз экенин билдирди.

Былтыр электр жарыгынын 87% жакынын гидроэлектростанциялар өндүргөн.

Өлкөдө 2023-жылы калк 17 млрд 189 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген. Кыргызстан өзү өндүргөн жарык муктаждыкты толук жаппайт. Ушундан улат чет жактан 3 млрд 488 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алып, 138 кВт/саат чет өлкөгө экспорт кылган. Ошол эле учурда энергетика тармагындагы жалпы жоготуулар 2 млрд 538 млн кВт/саат электр энергиясын түздү.

Кыргызстанда жылына 14-15 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам өкмөт жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алат.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата 2 жана Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 87% жакынын өндүрөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG