Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

Эмгек кодексинин жаңы редакциясы комитетте биринчи окуудан өттү


Жогорку Кеңеш. Архив. Иллюстрация үчүн колдонулду
Жогорку Кеңеш. Архив. Иллюстрация үчүн колдонулду

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сунуштап жаткан Эмгек кодексинин жаңы редакциясынын долбоору Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралууда. 30-сентябрда парламенттин Социалдык саясат комитети аталган долбоорду биринчи окууда карады.

Депутаттарга маалымат берген министр Жылдыз Полотова сунушталып жаткан жоболор тууралуу маалымат берди.

Жаңы редакцияда майрамдарга байланыштуу өзгөртүүлөр сунушталган. Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь майрам бойдон кала берет, бирок кызматкерлер ал күндөрү эс албайт.

Жаңы кодексте дем алыш күндөрүнө туш келген майрам күндөр үчүн башка күнү дем алыш болбойт.

Январдын башында жаңы жылдык жана май айынын башында майрамдык эс алуу болот.

Парламенттин Социалдык саясат комитети Эмгек кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Кыргызстандын алгачкы Эмгек кодекси 1998-жылы кабыл алынган. Азыр колдонулуп жаткан экинчи редакция 2004-жылы, 20 жыл мурун кабыл алынып, бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG