Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт


1-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт.

Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG