Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:34

Сузакта мушташта өлгөнү айтылган уландын жакындары акцияга чыкты


Эрмекбай Шемаев (сүрөт маркумдун жакындарынан алынган)
Эрмекбай Шемаев (сүрөт маркумдун жакындарынан алынган)

Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну, маркум Эрмекбай Шемаевдин жакындары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына жана милициянын ишине нааразылык билдирип жатышат. Алар 30-сентябрда Жалал-Абад облустук администрациясынын алдына акцияга чыгышты.

Нааразы тарап уландын өлүмүнө байланыштуу тергөө иши солгун болуп жатканын, шектүү катары кармалып, кайра үй камагына чыккан беш кишини кайра камакка алууну талап кылууда.

Маркумдун жакындары менен президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов жана Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы жолукту. Алар азыр тергөө уланып жатканын билдиришти.

Быйыл 26-августтан тарта дайыны чыкпаган Эрмекбай Шемаевдин сөөгү 15 күндөн кийин жардан табылган.

18 жаштагы Шемаев жоголгон күнү Сары-Булак жана Катранкы айылында 18-19 жаштагы бир нече баланын ортосунда чыр чыгып, мушташ болгон.

Окуядан кийин беш жаран кармалып, милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк үй камагына чыккан. (TB)

XS
SM
MD
LG