Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:25

Австрияда парламенттик шайлоо өттү


Герберт Кикл.
Герберт Кикл.

Австрияда бүгүн 29-сентябрда Улуттук кеңешке (парламенттин төмөнкү палатасы) шайлоо өттү. Экзитполдордун баштапкы жыйынтыктары көрсөткөндөй, алдыга азыркы бийликтеги консерваторлордон озуп, ашынган оңчул, мурдагы ички иштер министри Герберт Кикл 2021-жылдан бери жетектеп келе жаткан Эркиндик партиясы чыгууда.

ORF коомдук телеканалынын эсебинде, аталган партия добуштардын 29,1 процентин алды, ал эми канцлер Карл Нехаммер жетектеген, азыркы башкаруучу коалициянын курамындагы Элдик партияга 26,2 жана борборчул-солчул борборчул Социал-демократиялык партияга 20,4 процент тийди. Эркиндик партиясы бийликти өз колуна алышы үчүн башкалар менен коалиция түзүшү зарыл болот.

55 жаштагы Герберт Кикл Венгриянын премьер-министри, орусиячыл саясатчы Виктор Орбандын жакын союздашы. Чехиянын оппозициялык лидери, мурдагы премьер-министри, миллиардер, ANO партиясынын башчысы Андрей Бабиш менен биргеликте алар үчөө жакында Европа парламентинде ашынган оңчулдардын жана улутчулдардын «Патриоттор Европа үчүн» деген оппозициялык коалициясын түзүшкөн.

Кикл Евробиримдиктин Украинага көрсөтүп жаткан колдоосуна, Орусияга карата жарыяланган санкцияларга каршы пикирдеги, Украинадагы согуш үчүн биринчи кезекте АКШ жана НАТО жооптуу экенин айтып келаткан саясатчы. Ал эгер бийликке келсе Австрия бул маселеде бекем нейтралитет позициясын карманарын айтууда. Оппоненттери аны кремлчил саясатчы деп сындашат.

Киклдин партиясы миграцияны да чектей турганын, башпаанек берилбей каларын убада кылууда.

Австрия НАТОго мүчө эмес, нейтралдуу мамлекет. Азыркы бийлиги Украинаны колдоп, Орусияны сындаган позицияда. Австрия Орусиянын мунай азыктарынан көз каранды өлкө экени да белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG