Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

УКМК айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык схема аныкталганын билдирди


Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги айрым жетекчилер катышкан коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендерден жеңил өткөрүү үчүн тийиштүү кызматкерлер ортомчулар аркылуу пара алган. УКМКнын алдын ала эсебинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир эле филиалынан ай сайын 10 миллион сомдун тегерегинде мыйзамсыз акча жыйналган.

Учурда шектүүлөр “коррупция” беренеси менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камалды. УКМК канча киши кармалганын жана алардын ысымдарын жарыялаган жок.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик “Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасында былтыр сентябрда түзүлгөн. Агенттик Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо өзүнүн автомектептерин ачып, машиненин түрүн айдоону окутуп-үйрөтөрү айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG