Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:20

Вашингтон Ирактагы аскердик миссиясын 2025-жылы аяктайт


Ирактагы аскерлер. Архив сүрөт.
Ирактагы аскерлер. Архив сүрөт.

АКШ баштаган эл аралык коалиция жана ирак өкмөтү “Ислам мамлекети” террористтик тобуна каршы Ирактагы “Бекем чечкиндүүлүк” миссиясын 12 айдын ичинде, 2025-жылдын сентябрына чейин аяктарын жарыялашты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө, ирактык күчтөрдү колдоо жана террористтик топко басымды сактоо үчүн Вашингтон жана Багдад өнөктөш бойдон калары айтылат.

Сириядагы аскердик миссия 2026-жылдын сентябрына чейин уланат. Associated Press басылмасы 2025-жылдан кийин болжол менен 2,5 миңдей америкалык аскердин канчасы Иракта кала турганы жөнүндө Ак үй толук маалымат бербегенин жазды.

Reuters агентиги сентябрдын башында Вашингтон жана Багдад Ирактан америкалык армияны алып кетүү боюнча макулдашканын жазган. Анда алдын ала план боюнча Ирактан бир жыл ичинде АКШнын жүздөгөн аскерлери чыгып кетери белгиленген.

Иракта “Ислам мамлекети” террористик тобуна каршы миссия 2014-жылы түзүлгөн.

Америкалык аскерлер дипломатиялык райондордо, Багдад аэропортунда, өлкөнүн батышындагы Анбар провинциясындагы Аль-Асад авиабазасында жайгашкан. Бул аймактарда террористтик топтор жашырынып жатышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG