Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Израил "Хезболланын" лидери Насралла өлтүрүлгөнүн билдирди


Хасан Насралла.
Хасан Насралла.

Израил армиясы АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" жоочулар тобунун лидери Хасан Насралла бир күн мурда Ливандын баш калаасы Бейрутка урулган соккуларда өлтүрүлгөнүн 28-сентябрда билдирди.

Израил армиясынын араб тилдүү басма сөз катчысы Авичай Адрае X социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө Насралладан тышкары "Хезболланын" түштүк канатынын командири Али Карки сыяктуу бир нече кол башчысы өлтүрүлгөнүн белгиледи.

"Билдирүү так: Изрилдин жарандарын түндүктөн, түштүктөн жана андан алыс аймактардан коркуткандардын баарына жетебиз", - деп жазды Адрае.

Израилдин Куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) X социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу: "Хасан Насралла дүйнөнү мындан ары террорчулук менен коркутуп-үркүтө албайт", - деп билдирди.

"Хезболланын" өкүлдөрү Насралланын өлгөнүн ырасташа элек. Бирок "Хезболлага" жакын булак Насралла менен байланыш жуманын кечинде үзүлгөнүн 28-сентябрда "Франц пресс" жаңылыктар агенттигине айтты.

Насралланын өлүмү тууралуу маалыматты кошумча көз карандысыз булактар аркылуу тактоо азырынча мүмкүн эмес.

“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

ЦАХАЛ жума күнү Бейруттун түштүк районуна "Хезболланын" борбордук кеңсесине чоң сокку урганын билдирген. Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги кеминде алты адам набыт болуп, 91 адам жараат алганын жарыялаган.

Апта башынан бери Израил армиясы Ливандын негизинен түштүк аймактарына сокку уруп, бул райондордо курал, атуу үчүн орнотулган жабдыктар жана “Хезболланын” мүчөлөрү бар экенин белгилеп жатат. Жай тургундардын үйлөрүн пайдаланып жатканын четке каккан "Хезболла" да Израилди көздөй ракеталарды учурууда. Соңку күндөрдөгү соккулардан “Хезболланын” бир нече командири каза болгон.

XS
SM
MD
LG