Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Нью-Йоркто Зеленский Трамп менен жолукту


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын мурдагы президенти, экинчи мөөнөткө ат салышып жаткан Дональд Трамп. 27-сентябрь, Нью-Йорк.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын мурдагы президенти, экинчи мөөнөткө ат салышып жаткан Дональд Трамп. 27-сентябрь, Нью-Йорк.

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушканда ноябрдагы шайлоодо жеңип чыкса Украинадагы согушка чекит коюу үчүн "эки тарап менен тең иштерин" билдирди. Ал Украинадагы кырдаалды "тез эле чечип койсо болот" деп ишенет.

"[Зеленский] менен алакаларым абдан жакшы, ошондой эле, өзүңөр билгендей президент [Владимир] Путин менен да жакшы мамиледемин", - деди Трамп 27-сентябрда Нью-Йорктогу жолугушуу өткөн Trump Tower комплексинде туруп.

Буга чейин бир катар америкалык маалымат каражаттары экөөнүн жолугушуусу болбой калышы мүмкүн деп боолгошкон. Буга Зеленскийдин The New Yorker басылмасына Трамп "чындыгында согушту кантип токтотушту билбейт" деп айтканы түрткү болгон. АКШнын экс-президенти буга жооп катары Киев согушту токтотуу үчүн "макулдашууга барышы керек" экенин айткан.

Зеленский Трамп менен учурашып жатып, "Украинадагы согушту токтотуу керек экени жана Путин аны жеңе албастыгы тууралуу бир пикирдебиз деген ойдомун",- деди.

26-сентябрда Зеленский Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис менен жолуккан. Харрис учурда демократтардын атынан президенттикке ат салышып жаткан Трамптын башкы атаандашы.

Байден Киевге миллиарддаган долларлык аскердик жардам убада кылып, Орусия Украинага ачкан согушунда жеңе албасын дагы бир ирет белгиледи.

Зеленский Байденге"жеңиш планын" сунуштап, америкалык курал-жабдык менен Орусиянын аймагындагы аскердик жайларга сокку урууга уруксат берүүнү суранды.

Украин президентинин "жеңиш планынын" чоо-жайы азырынча белгисиз. Ал Трампты дагы бул планы менен тааныштыра турганы кабарланган. Трамп 2021-жылы бийликтен кеткени Зеленский менен алгачкы ирет жолугушту.

XS
SM
MD
LG