Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Би-Би-Си: Орусияда түрмөдөгүлөрдү Украинадагы согушка келишимсиз жөнөтүшкөн


Украинада согушуп жаткан, түрмөдөн чыккандардан турган "Шторм Z" отрядынын логосу.
Украинада согушуп жаткан, түрмөдөн чыккандардан турган "Шторм Z" отрядынын логосу.

Орусияда түрмөдө жазасын өтөп жаткандарды Украинадагы согушка келишимсиз, болгону "кат түрүндөгү макулдашуу" менен жиберишкен. Бул тууралуу сот чечимдери менен таанышып чыккандан кийин Би-Би-Си жазды. Маалыматка караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин ырайым берген түрмөдөгүлөр "жасаган кылмышы үчүн коом алдында күнөөсүн жууш максатында" макулдашууга кол коюшкан. Мындан соң аларды Украинада согушуп жаткан "Шторм Z" отрядына кошушкан.

Соттун чечимдеринде бул "макулдашуу тараптардын укуктарын жана жоопкерилигин караган келишим эмес экени" белгиленет. Мындан улам орус бийлиги өз ыктыяры менен согушка баргандарга берчү жеңилдиктерден жана жөлөк пулдан бул отряддын мүчөлөрү куру калган.

Би-Би-Си аныктагандай, Орусиянын Коргоо министрлиги ички буйрук менен "Шторм Z" отрядынын катышуучуларына өзүнчө төлөмдөрдү аныктаган. Бул келишим менен баргандар алган акчадан кыйла аз.

Путиндин ырайымын алып, түрмөдөн Украинага барып согушуп кайткандардын 246сы келери менен эле кайра кылмыш жасаган. Аларга кайра кылмыш иштери козголгон.

Украинадагы согушка орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан жеринен азгырылып кеткен кыргызстандыктар да бар. Алардын ондон ашууну согушта өлгөнүн "Азаттык" аныктаган.

XS
SM
MD
LG