Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

CPJ кыргыз бийлигин 11 журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды


Айыпталып жаткан журналисттер. "Азаттыктын" коллажы.
Айыпталып жаткан журналисттер. "Азаттыктын" коллажы.

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарындагы Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) кыргыз бийлигин Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерине козголгон кылмыш ишин токтотуп, алардын ичинен камакта жаткан журналисттерди эркиндикке чыгарууга чакырды.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гулноза Саид “иликтөө менен алектенген журналисттер ойдон чыгарылган айып менен жоопко тартылса, Кыргызстандын эл аралык аброюна дагы бир жолу олуттуу сокку болорун” айтты.

26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналистке козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумда прокурорлор менен адвокаттардын жана айыпталуучулардын жарыш сөзү бүттү. Кийинки соттук жараян 3-октябрга дайындалды. Анда журналисттер акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгат деп күтүлүүдө.

Мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сурады.

Айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерге коюлган кинелер тергөөдө жана сотто аныкталбаганын, кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарга жасалган экспертизалардын корутундулары да туура эмес экенин айтышты. Журналисттер аларды кармоо учурунда укуктары бузулганын билдирип, эч кимди массалык башаламандыкка үндөбөгөнүн жана кесиптик ишмердиги менен алектенип келишкенин жүйө кылышты.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков эркиндикке чыккан.

ИИМ “Айт, айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козгогон.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG