Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

"Манас" аэропортунан жардыргыч зат табылган жок, эвакуация иши токтоду


Эл аралык "Манас" аэропорту.
Эл аралык "Манас" аэропорту.

26-сентябрда кечке жуук “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлерди жана жүргүнчүлөрдү эвакуациялай баштаган. Аэропорттун басма сөз кызматы бомба табылбаганын, эвакуация иши токтоп, аба майдан кадимкидей иштей баштаганын "Азаттыкка" билдирди.

Аэропорттун сурап билүү кызматы жүргүнчүлөрдү каттоо уланып жатканын тактады.

Акыркы жолу 5-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортуна жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Аэропорттун айланасы курчалып, адамдар эвакуацияланган. Милиция кызматкерлери жана атайын кызматтар аэропорттун имаратын толук иликтеп, эч кандай жардыргыч зат табышкан эмес.

Май, июнь, август айларында да ушундай эле маалымат түшүп, жүргүнчүлөр эвакуация болгон. Анда маалыматтар ырасталган эмес.

Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан "Манас" эл аралык аэропорту Кыргызстандагы маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат.

Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо – “Жалал-Абад”, “Раззаков”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (TAb)

XS
SM
MD
LG