Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Орусия Өзбекстандын мектебинде болгон окуяга кийлигишти


Өзбекстанда мектепте мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга Орусия кийлигишип, кылдат көз салып жатканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн 26-сентябрда “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова 25-сентябрдагы брифингде орус бийлиги Өзбекстандан расмий түшүндүрмө сураганын айтып, «Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген достук мамиледе эч кандай, айрыкча тил маселесинде, кастыкка орун жок», — деп кошумчалады.

Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанды «Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып жаткан материалдарда айтылгандарга укуктук баа берүүгө, эгер негиздүү болсо балага зомбулук көрсөткөн адамга тез арада чара көрүүгө» чакырганы белгилүү болду.

Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, «Миллий тикланиш» («Улуттук кайра жаралуу») партиясынын төрагасы Алишер Кадыров окуя Өзбекстанда болуп жатканын, андыктан өлкө өз мыйзамдарына таянып териштирүү жүргүзүп аларын айтты.

«Өзбекстан Республикасынын мектебинде баланын, Өзбекстандын жараны болгон баланын укугу бузулду. Андыктан Өзбекстан элинин атынан кабыл алынган мыйзамдардын негизинде чара көрүлөт», — деди Кадыров.

Борбор калаа Ташкенттин билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя шаардагы №188 мектепте болгон – орус тил мугалими алтынчы класстын окуучусуна кол көтөргөн.

Окуянын видеосу класстагы көзөмөл камерасына түшкөн. Андан окуучу бала мугалим менен адегенде айтышып жатканын, андан соң мугалим аны доска жакка түртүп чыгарып, башка-көзгө койгулап, колун моюнуна такап, урушуп жатканын көрүүгө болот.

Баланын апасы Facebook'ка пост жазып, уулу мугалимге орус тил сабагында өзбекче эмес, орусча сүйлөш керек экенин айтканда чыр чыкканын билдирген. Көп өтпөй ал пост өчүрүлгөн.

Москва Өзбекстандагы окуяларга кескин реакция кылган окуялар буга чейин да болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG