Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Зеленский Орусия Украинадагы АЭСтерге чабуул пландап жатканын айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы атомдук электр станцияларына жана инфраструктурасына чабуул жасоону пландап жатканы тууралуу маалымат бар экенин билдирди.

25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Зеленский жакында эле чалгын кызматтарынан “дагы бир кооптуу баяндама” алганын, анда Орусия Украинанын өзөктүк инфраструктурасы тууралуу сүрөттөрдү жана толук маалыматты чогултуу үчүн спутниктерди колдонуп жатканы айтылганын белгиледи.

"Энергетика системасындагы кандай гана ракета же учкучсуз учак соккусу, энергетика системасындагы ар кандай олуттуу окуя болбосун, өзөктүк кырсыкка алып келиши мүмкүн. Мындай күн эч качан келбеши керек. Москва ушуну түшүнүүсү зарыл. Бул силердин агрессорго басым көрсөтүү чечкиндүүлүгүңөргө да жараша болот», - деди Зеленский БУУнун трибунасынан.

Ошол эле күнү Орусия президенти өлкөнүн өзөктүк доктринасын өзгөртүүнү сунуштады. Ал эгерде өзөктүк куралы жок кайсы бир өлкө ошондой куралы бар өлкөнүн катышуусу же колдоосу менен Орусияга «агрессия көрсөтө турган болсо» алардын биргелешкен кол салуусу катары бааланышы керек экенин айтты.

Оруcия бийлиги 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын куралдын көптөгөн түрү менен жасалып жаткан соккуларын атайын чабуул катары баалоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG