Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Депутат Эгембердиев онлайн кумарканаларды көзөмөлдөөнү сунуштады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев парламенттин 26-сентябрдагы жыйынында өлкөдөгү онлайн кумарканаларды текшерип чыгууну сунуштады. Бул жаатта кайсы укук коргоо органы иш алып барып жатканын жана анын жүрүшү боюнча маалымат сурады.

“Өткөндө бир жигит билдирүү жасап, онлайн кумарканага 300 миң доллар уттуруп койгонун айтты. Ата-энеси ыйлап, үйүн сатууга аргасыз болуп турганын, алты баласы менен көчөдө каларын айтып жатат. Бул жерде кылмыштуу топ болушу мүмкүн. Ал жигитке ким жөн эле 300 миң доллар карыз берсин? Ушул жагдайды текшерүү керек”, - деди Эгембердиев.

Эки апта мурда Самат Бабыркулов аттуу жаран маалымат жыйын берип, бир жыл мурда онлайн кумарканага 320 миң доллар уттурганын айтып чыккан. Ал башында жакындарына билгизбей ойногонун, азыр 200 миң доллар карызы бар экенин, аны төлөө үчүн ата-энеси тамын сатууга аргасыз экенин билдирген. Ал онлайн кумарканага кирип ойноп жаткандар көп экенин, арасында жаш балдар бар экенин айткан.

Тиешелүү органдар мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Учурда Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино мыйзамдуу иштеп жатат. Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. (TAb)

XS
SM
MD
LG