Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Садыр Жапаров азыр бардык ишке президент жооптуу экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Конституция алмашкандан кийин өлкөдө бийликтин, президенттин жоопкерчилиги күчөтүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 26-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

“Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду. Мейли президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда. Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет”, - деди ал.

Садыр Жапаров ушул эле интервьюсунда мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу комментарий берип жатып, эл бийликте бир эле киши отура берсе тажап кетерин, ушундан улам дүйнө жүзүндө президенттер 7 жылга бир жолу же 4-5 жылдан эки жолу шайланат деген эреже бар экенин айтты.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG